Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги интернетте чуу чыгарган казак министринин билдирүүсү боюнча нааразылык нотасын берди. Ал үчүн Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Еробол Ахметов чакырылган

ТИМдин айтымында, Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулынын 24-майда айткан сөзү намыска тийип, эки элдин мамилесинин өнөктөштүк мүнөзүнө төп келбейт.

“Казакстанда Кыргызстанга карата акыркы убакта бул сыяктуу билдирүүлөр көбөйүп бара жатканына көңүл бурабыз. Алар Казакстандын мамлекеттик каналдарынан дагы берилүүдө”, — деп билдирүүдө айтылат.