Акыркы учурларда өз жанын кыйган өспүрүмдөрдүн саны күн санап өсүүдө.
Мындай маалыматты КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев ЖК жыйынында айтты.
Эл өкүлү тиешелүү укук коргоо органдарын социалдык тармактагы айрым топторго көңүл буруп, чара көрүүгө чакырды.
“Андай топтор мектеп окуучуларын өз жандарына кол салууга чейин түртүүдө. Мындай тенденциянын арты опурталдуу болушу мүмкүн. Ошондуктан, бул боюнча иштер жүргүзүлүп, андай топторго бөгөт коюу зарыл”, — дейт депутат.
Ал эми билим берүү министри Эльвира Сариева Кыргызстандын мектептерине психологдор жетишпей турганын белгиледи.
“Кыргызстанда 95 мектептин психологу бар. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкектеги мектептерде. Психологдор үчүн мамлекеттик бюджеттен каражат каралган эмес. Алардын кызмат акылары ата-энелердин төлөмдөрү аркылуу төлөнүп келет”, — дейт министр.