Дүйнөнүн 7 кереметинин бири болгон Индиядагы Таж-Махал архитектуралык эстелиги чымын-чиркейге окшогон майда курт-кумурскалардын коркунучу алдында турат. Таж-Махалдын жанындагы Жамна дарыясынан келген чымын-чиркейлер имараттын дубалын жашыл түскө боёшууда.
Индиянын эң атактуу архитектуралык-тарыхый курулушу болуп эсептелген Таж-Махалдын сырткы дубалдарын көп сандаган чымын-чиркейлер кирдетип жатышат. Анын сыртында көптөгөн жашыл жана кара тактар пайда болду.
Алардын көбөйүшү эмнеден улам болуп жаткандыгын жана санын дагы көбөйүп кетпеши үчүн изилдөөлөрдү жүргүзөбүз деп маалымат тараткан Уттар-Прадеш штатынын губернаторунун басма сөз катчысы Навнеет Сехгал. Экология боюнча эксперт Йогеш Схарма Таж-Махалдын жанындагы дарыянын булгангандыктан курт-кумурска, чымын-чиркейлерди жеген балыктар да азайып кеткендиктен, алардын саны көбөйүп кетти деп эсептейт. Бирок алар эмне үчүн Таж-Махалдын дубалдарына конуп жатканы таң калтырууда.
Таж-Махалдын курулушу Улуу Моголдор империясынын падышасы Шах-Жахан 14чү уулун төрөп жатып каза болгон аялы Мумтаз-Махалга арнап курдурган. Курулуш иши 1632-жылы башталып 1653-жылы аяктаган. Таж-Махал Индиянын мусулман искусствосунун бермети, дүйнөлүк жети кереметтин бири болуп саналат.