Анын пикиринде, жакын адамын жоготкондор коноктордун курсагын кантип тойгузуш керек деп ойлогону туура эмес.
Аида Салянова (“Ата Мекен”) салттарды жана салтанаттарды жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоорун жазып чыгып, тажыяларды (өлгөн) өткөрүү ирээтин дагы камтый кеткен. Анда жаназага катыша турган адамдардын саны чектелбейт, бирок мал союлбашы керек деген сунуштар айтылган.
Мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстанда үчүлүгүн, жетилигин, кыркылыгын жана ашын берүүдө бодо мал, жылкы союуга тыюу салынат. Коноктордун саны 100дөн ашпашы керек. Тажыя жана башка траурдук иш-чараларды өткөрүүдө акча же башка буюм берүүгө болбойт. Бирок, бул эреже жаназа өткөргөн адамдардын акысын төлөгөнгө тиешелүү эмес.
“Тажыя өткөргөн адамдар — жакындарын жоготкондор. Алар аза күтүп жатканда конокторду кантип тойгузсам деп ойлонбошу керек. Мыйзам долбоорубузда биз коноктордун санын чектебейбиз. Келе беришсин, көңүл айтышсын. Бирок биз мал союп, аларды тойгузбаш керек деп жатабыз”, — деди Салянова.