АКШ президенти Барак Обама мөөнөтү бүткөндөн кийин Вашингтон шаарында кала турганы белгилүү болду.

Барак Обама 9 уктоочу, бир көнүгүү жасоочу бөлмө жана 8 ваннасы бар 4,3 миллион долларлык үйдү ижарага алды.

Барак Обаманын 4.3 млн долларлык үйү
Барак Обаманын 4.3 млн долларлык үйү

АКШ президенти ноябрда боло турган президенттик шайлоодон кийин кызмат ордун жаңы башчыга өткөрүп берет. Президенттик кызмат менен кошо эле Ак үй менен да коштошот. Обаманын ижарага алган 8 миң 200 чарчы жерге курулган үйдүн баасы 4,3 миллион доллар. Обама үйдү Билл Клинтондун пресс-катчысы болуп иштеген Жое Локхарттан алган.

Обаманын үйүнүн ички көрүнүшү
Обаманын үйүнүн ички көрүнүшү

1928-жылы курулган үйдүн үстүндө Обаманын иштей турган бөлмөсү бар. Бул үй борбор шаар Вашингтондо жайгашкан.

Ичи

Обаманын бул жерде калышы кызы Сашанын окуган лицейинен кетишти каалабаганы түрткү болгон. Обама Саша үчүн жылына 36360 доллар лицейге төлөйт.

Иш бөлмөсү
Иш бөлмөсү

Ал эми Жое Локхарт 1988-2000-жылдары Билл Клинтондун пресс-катчысы болуп иштегенде бул үйдө жашаган.

Барак Обама 2008-2012-жылдары АКШ президенти болуп шайланган. Өлкөнүн баш мыйзамы боюнча эки жолу гана президенттик мөөнөттө отура алат. Анын милдети 2017-жылдын башында бүтөт.

Булак: haber7.com