«Urban Data Hackathon-2016» аталышындагы программисттердин марафонуна коомдук активисттер, маркетолог, дизайнер, журналисттер жана башка каалоочулар катышууда. Алар берилген үч күндүк убакыттын ичинде маанилүү деп эсептелген долбоорлорду иштеп чыгуулары керек.

“Open Data Kyrgyzstan” (Кыргызстандагы ачык маалыматтар) уюму уюштурган кезектеги хакатон (иштеп чыгуучулардын биргелешкен марафону) төмөнкү негиздерде ишке ашырылат:

Эң жакшы биргелешкен иштеп чыгуулар, ачык маалыматтар аркылуу эң жакшы визуализация, медиа-макала жасоо жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу.

Жыйынтыгында үч долбоор жактырылып, утушка ээ болушу керек. Мэрия жана анын карамагындагы мекемелер берген маалыматтардын негизинде мектеп окуучуларын онлайн көзөмөлдөө, көчөлөрдүн интерактивдүү картасы, тез жардам кызматын жакшыртуу, таштанды көйгөйүн чечүү, бирдиктүү терезелерди түзүү, шаар тургундары менен калаа башчылыгынын оңой байланышы деген өңүттөгү долбоорлор сунушка коюлду.

“Veloparker” долбоорунун иштеп чыгуучусу Шергазы Токумбаев тайпалаштары менен биргеликте ишке ашыра турган идеясы менен төмөндөгүчө бөлүштү:

“ Бул долбоорду тыгындардын санын азайтуу үчүн ойлонуштурдук. Велосипеддерди оңой колдонуунун жолдорун сунуштайбыз. Ар жерде велостанциялар болот. Мисалы, бир студент үйүнөн чыгып окуу жайга чейин велосипед тээп барууну чечти дейли. Анын колунда атайын балансы бар карта болот. Картасы менен бир велосипед тандап айдап кетет да, окуу жайга жакын станцияга өткөрүп коёт”, — дейт иштеп чыгуучу.

Анын айтымында, техникалык иштеп чыгуулардын натыйжасында велосипед колдоном деген адамдын паспорту жана өздүгү атайын пунктыга катталат. Картанын ичине колдонуучу тарабынан каражат салынат. Ар бир станцияда бирден модератор иштейт.

“Эки жылдан бери мындай хакатондорду өткөрүп келе жатабыз. Аягында эки же үч долбоор ишке ашат. Негизи дүйнөлүк практика деле ошону көргөзөт. Ишке ашкан долбоорго атайын программисттер жалданат. Берилген убакыттын ичинде реалдуу бир жыйынтык чыгышы керек.  Кийин коомчулукка мэрия тарабынан сунушталат”, – дейт уюштуруучулардын бири жана “Маалымат эркиндиги ” уюмунун кызматкери Лира Самыкбаева.

Бөлүшүү