Тасмалардын өндүрүшүн каржылоо мамлекеттик колдоонун эсебинен жартылай же толугу менен жүргүзүлөт.
Департаменттин билдирүүсүндө, сынакка бардык кинематография мекемелери жана эркин продюсерлери улуттук көркөм жана даректүү тасмалардын долбоорлору менен катыша алат.
Кинодолбоор социалдык маанилүү тематикада болуусу, жарандык жана адеп-ахлактык идеалдарына жооп берүүсү, чыгармачыл өзгөчөлүгү жана көркөмдүгү бар болуусу шарт.
Сынакты өткөрүүнүн тартиптери жана ага катышуунун шарттары тууралуу кененирээк маалымат менен Кинематография депатаментинин дареги боюнча “киноөндүрүш” бөлүмүнөн таанышууга болот.