«Urban Data Hackathon -2016» аталышындагы программисттердин марафонуна коомдук активисттер, маркетолог, дизайнер, журналисттер жана башка каалоочулар катышууда.

Демилгени Бишкек мэриясы көтөрүп, иш-чара «Шаар демилгелери» коомдук фонду, программалык камсыздоо жана кызмат көрсөтүүнү иштеп чыгуучулардын ассоциациясынын катышуусу менен ишке ашууда.

Марафондун максатына ылайык, долбоорлор мэриянын муниципалдык жана административдик кызматтары сунуштаган шаар тууралуу маалыматтар аркылуу демилгелерди программалоо жолу менен ишке ашырылат. Мисалы, айрым кызмат көрсөтүүлөрдүн колдонмолорун иштеп чыгуу.

Иш-чаранын жүрүшүндө программисттер, өнүккөн өлкөлөрдө IT-технолгиянын жардамы менен ишке ашкан кызматтар арбын экенин, керектүү системдик программаларды Бишкек үчүн иштеп чыгып, колдонууга берсе болорун айтышып, көчөдөлөрдө болуп туруучу маалыматтарды билүүгө мүмкүн экенин белгилешти. Аны укук коргоо органдарынан тарта, мэрия кызматкерлери, социалдык изилдөө жүргүзөм дегендер жана медиа кызматкерлери колдоно алышарын айтышты.

Орусиялык Urbica Design компаниясынын жетекчиси Андрей Кармацкий Маскөө көчөлөрүнүн статистика түрүндө иштеп чыгарылган визуализацияларынын мисалында айтып берди.

«Мындай жол менен статистикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү аркылуу коомчулукка келтириле турган террор иштеринин алдын алса болот», — деди.

Аталган марафон 48 сааттын ичинде программалоолордун прототибин иштеп чыгууну көздөгөндүктөн катышуучулар тарабынан кабыл алынган долбоорлор акырында коомчулукка сунушталат деп билдирет уюштуруучулар.

Бөлүшүү