“Чыгыш электр” ААК карызы көп пансионаттарга электр кубатын берүүнү токтотуп жаткан. Бирок “Коста-Брава” эс алуу жайына карата Ысык-Көл облусунун райондор аралык соту электрди өчүрүүгө тыюу салды.

“Чыгыш электр” компаниясы билдиргендей, бул пансионаттын 2,6 млн сомдук карызы бар. Компания соттун чечимине макул болбой, жогорку инстанциядагы сотко кайрылаарын маалымдады.

“Бирок бул көпкө созулуп кетиши мүмкүн. Убакыт өткөн сайын пансионаттын карызы көбөйө берет”, — деп айтылат.

Межрайсуд Коста браво исп лист Межрайсуд Коста браво