Аптаптуу жай мезгили жакындаган сайын мекендештирибиздин эң көп айтылчу сөздөрүнүн бири Ысык-Көл болот. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң популярдуу курорттук жерлердин сап башындабыз деп аталганыбыз менен Ысык-Көл эс алуучуларды кабыл алууга даярбы?

Жергиликтүү тургундар арасында да «быйыл сезон жакшы болот экен» деген имиштер айтылып, жеке ишкерлер даярданып, мейманкана, пансионаттар тазалоо иштерин жүргүзүүнү май ортосунда эле баштаган.

мейманкана

Буга жылдагыдан туристтик сезондун ачылышы далил.

ачык

Эс алуучулар көбүрөөк келет

Туризм департаментинин мүдүрү Азамат Жаманкуловдун айтуусу боюнча, Орусияда үгүт иштери жүрүп, Омск шаарында пресс-конференция уюштурулуп, тартуу иштери кызуу жүрүүдө.

Бишкек-Москва, Бишкек-Екатеринбург темир жол багыттары жумасына 2 жолу жүрсө, Бишкек-Новокузнецк төрт күндө бир жүрүп, туристтердин келишин жеңилдетет.

Ошону менен бирге чечиле элек маселелер көп.

Быйыл Омск-Чолпон-Ата, Чолпон-Ата-Алматы, Алматы-Каракол эл аралык аба каттамдары  даярдалып бирок, Тамчы аэропортунун ачылышы кечеңдөөдө. Бизге айтылган маалымат боюнча, аба-ырайынын туруксуздугуна байланыштуу оңдоо иштери бүтпөй калган.

аэропорт

Дал ошондуктан Тамчы-Ош авиа жолунун ачылышы жана Астана-Шымкент-Тамчы каттамы туралуу сүйлөшүүлөр август айына жылдырылды.

Жылдын баш оорутмасы

Эң башкы көйгөй болгон жол маселеси тургундарды да, өкмөттү да кооптонтууда. Кара-Ой айылынын жашоочусу Эрлан Джакупбаев нааразылыгын айтты: «Жол быйыл бүтпөйт го, бери дегенде эле бир ай иштешкен жок. Жол четинде жайгашкан менин ашканама элдер токтоп, кире албай калат го дейм. Машиналар ары-бери өткөндө чаң чыгат, топчандарды да, жылдагыдай коё алган жокмун», — дейт.

жол

Эски көйгөйлөрдү улай

Ал эми сууга канализация чыгындыларынын агышы — эң биринчи экологиялык маселе.

«Көл кирдеп жатат, бул маселенин эртерээк чечилишине көңүл буруу керек», — дейт Жаманкулов.

2016-жылы коноктордун эс алуусу ыңгайлуу жана коопсуз болушу керек. Ар бир кум жээкте куткаруучулардын турушу милдеттүү деп айтылганы менен, көрсөтмө аткарылбай келет.

Медициналык тез жардамдын жеткиликтүү болуусу, тамактануучу жайлардын санитардык абалы, атүгүл калтырылбай жакынкы арада бүтүрчү маселердин жыйындысы оголе көп. Ал эле эмес, жол четиндеги, дараатканаардын жоктугу да чечиле элек.

Бажылык жана чек аралык кызматтан өтүү боюнча да даттануулар болгондугу белгилүү.

чек ара