Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрү 1992-жылы 29-майда түзүлгөн. Жалпы күч түзүмгө коргоо министрлиги, мамлекеттик чек ара кызматы, ички иштер министрлигинин ички аскерлери, улуттук коопсуздук кызматы, өзгөчө кырдалдар министрлиги, улуттук гвардия, мамлекеттик коргоо кызматы жана адилет министрлигинин кызматкерлери түзөт.
Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы президент болуп саналат.
Кыргызстан куралдуу күчтөрү 1993-1998-жылдары Тажикстандагы жарандык согушта чек араны коргоого катышкан. Анда тоо-аткычтар батальону кызмат кылып, жалпы саны 4,5 миңге жеткен. 1999-2000-жылдары Баткендеги жана Чоң-Алайдагы согушкерлер менен салгылашууга катышкан. 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндөгү улуттар аралык кагылуушуларды басууда жигердүү роль ойношкон.
1999-2000-жылдары кыргыз армиясынын саны 20 миңге чейин жеткен, жаңжал басылгандан кийин саны 15 миңге кыскартылып, 70-75 % контракт келишими менен кызмат өтөгөндөр болгон.
1993-жылы КР мамлекеттик комитети коргоо министрилги болуп кайра түзүлгөн. 1998-жылы 8-мото аткычтар дивизиясынын базасында биринчи Койташ бригадасы жана үчүнчү Ош бригадасы түзүлгөн. Аскердик, стратегиялык, мамлекеттик, аскердик-өнөр жай объектилерин коргоо үчүн 2006-жылы Абадан коргонуу күчтөрү түзүлгөн. 2011-жылы июль айында Панфилов дивизиясынын 70-жылдыгына карата Токмок шаарында 8-гвардиянын мото-аткычтар дивизиясы болуп калыбына келтирилген.
2006-жылы армияда кызмат өтө 18 айдан 12 айга кыскартылган.
Кыргызстан куралдуу күчтөрү 1992-жылы 15-майда ЖККУнун куралдуу күчтөрүнүн, 2001-жылы 15-июнда ШКУга куралдуу күчтөрүнүн катарына кирген.
Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн түзүмү: кургактыктагы жана абадан коргонуу болуп экиге бөлүнөт. Аймактык жактан Түштүк-батыш жана Түндүк аскерлер группасы болуп бөлүнөт.
Кургактыктагы аскерлер
Түндүк аскер группасы — И.В. Панфиловдун атындагы 8-мотоаткычтар дивизиясы, 3-Балыкчы тоо-аткычтар бригадасы, Танк полку, Эки пулемет-артиллериялык батальону, инженердик батальон, зениттик-ракета бригадасы, Скорпион 25-атайын дайындалган бригадасы, Камсыз кылуу аскер бөлүгү.
Түштүк-батыш аскер группасы — Ош мото аткычтар бригадасы, Ала-Бука бронетанкалык батальону, пулемет-артиллериялык батальону, 24-атайын дайындалган «Илбирс» бригадасы, Чалгындоо батальону, Бөлүктөрдү жана бирдиктерди камсыздоо, химиялык коргонуу бөлүгү.
Аба күчтөрү — Аралаш авиациялык полк, Тик учактуу бөлүк.
Артиллериялык бирдик — зениттик-артиллериялык, бригадазениттик-артиллериялык полк.
Абадан коргонуу бөлүгү — С-125 эки дивизиону, С-75 төрт дивизиону С-60 дивизиону, ЗУ-23-2 зениттик орнотуу дивизиону бар.
Бүгүнкү күндө Коргоо министрлигинде 12 миң, УКМКда 3000, Улуттук гвардияда 1,5 миң кызматкер, Ички иштер министрлигинин ички аскерлери 3600, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде 2 миң аскер кызмат өтөйт. Андан сырткары, республиканын ЖОЖдорунда Жогорку аскердик институту (кафедра), орто аскердик окуу жайынан кенже офицерлерди даярдап чыгарат.