Бүгүн 27-май күнү өлкөбүздүн көпчүлүк бөлүгүндө акыркы коңгуроо салтанаты болууда. Узартылган кышкы каникулдардын эсебинен окуу жылы 2 күнгө созулган. Бирок кээ бир мектептер адаттагыдай эле 25-майда белгиленди.
Баардыгы болуп мектеп парталарынан 62 миң окуучу кетсе, 9-классты бүткөндөрдүн саны 93 миң.
Бүтүрүүчүлөр мектепти аяктаганы туралуу күбөлүктү 23-июнь күнү алат, ал эми ЖРТнын жыйынтыктары 25-июнь күнү белгилүү болот.
Кыргызстанда азыркы убакта 2218 мектеп бар, аларда 70 миң 849 мугалим иштейт.
Мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин саны 1186, бирок бизде ар бир бешинчи бала гана бала-бакчага барат.
Бүтүрүүчүлөргө бул күнү 5тен ашык кербен менен зуулдап жүрүп жана шаан-шөөкөттү отуруштарга отурушпайт, тыюу салынган.
Өлкөбүздө коопсуздукту сактоого ИИМден 3,5 миң милиция кызматкери бөлүнгөн.
Ошондой эле, бүгүн 10 жыл жана 20 жыл мурун мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөр да окуу курагын эстеп, салтанаттуу түрдө майрамдашат.