Буга чейин Бишкекте өткөн эки өлкөнүн консулдук жолугушуусунда кыргыз тарап Бакиевди жана анын жакындарын экстрадиция кылуу боюнча суроону кайрадан көтөрүп чыккан.

Беларустун прокуратурасынын өкүлү «Бакиев бул өлкөнун жараны болгондуктан, биз башка мамлекетке өз атуулубузду бере албайбыз», — деди.

КР тышкы иштер министрлиги Беларус элине бир нече сурам жөнөтсө дагы, алар канаттандырылбай келет.

«Бакиевди берүү боюнча маселе каралбайт дагы», — деп Риа Новостиге Беларусь өкүлү кабарлады.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү