Балык чарбачылыгын курууга жалпы 458 миң сом керектелди.

Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылына балык чарбачылык жайы ишке кирди. Ишкана ээлери БУУнун өнүктүрүү программасынын “Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү” программасынан долбоорду утуп алган.

Уюм тарабынан 320 миң сом суралып, өздөрү  138 миң сом кошкон. Долбоордун жетекчиси Жалил Салиевдин айтымында, долбоорду утуп алганына бир жыл болгон. 8 миң форель балыгы алынып келип, учурда болжол менен 7 миңи калган.

“Балыкты ноябрь айында алып келгенбиз. Булар жылда  1 кг болот экен. Азыр  400 гр болуп калды. Эми бул балыктар биздин райондун тургундары үчүн аябай жакшы болду. Алар көп деле жешчү эмес. Күзүндө сатууга чыгарабыз. Баасы 250-300 сом болот”, — деди ал.

Мындан тышкары, ал жашоочулар жумуш менен камсыз болуп жатканын баса белгиледи. Чарбачылыкта 3 кызматкер иштейт. Балыкка берчү жемдер Кыргызстанга Норвегия, Даниядан келет. 25 кг жемдин баасы 4 500 сом.

“Чөптөр менен азыктанган сазан балыктарын алып келебиз деп пландап жатабыз. Бул жердин балыктары табыгый таза, анткени булактын суусунда”, — дейт Салиев.

13282647_484529658414180_983784655_o 13313348_484529645080848_1238554355_o 13321088_484529595080853_1677722483_o