Учурда Киевден Токтогулга чейин Исанов көчөсүндө оңдоо иштери жүрүүдө. Ал эми Фрунзе көчөсүндө жөө жүрүүчүлөрдүн өтмөгүн чийип жатышат.
Мэрия билдиргендей, баардык иштер шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп жатат. Алар транспорттук көйгөйлөрдү, жол маселесин чечүүгө жана борбордук көчөлөрдөгү трафикти азайтууга багытталган.
Жалпысынан, 2016-жылы кварталдардын жана кичи райондордун ичинде 44 жол оңдолмокчу.