УАЗ 3170 аталышындагы кроссоверлерди орусиялык автозавод 2020-жылы чыгарып баштай турганы айтылууда.

Кроссовердин дизайнын түзүү үчүн УАЗ адистерди жалдаган. Буга чейин компания италиялык Pininfarina ательеси менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү маалым.

УАЗ 3170тин узундугу 4,6 метр болот. Жалпы салмагы 1,8 тоннага чейин жетет. Прессанын маалыматы боюнча, кузовго рама коюлбайт.

Кроссовердин конструкциясы 2017-жылы майда аягына чейин иштелип чыгаары айтылууда. Ал эми сериялык өндүрүшкө машине 2020-жылдын экинчи кварталында чыгат.

УАЗ 3170тин дизайны интернет булактарына чыгып кетти.

УАЗ 3170

УАЗ 3170.. УАЗ 3170.