«Кумтор Голд Компани» ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу отчёттук жыйында 2015-жылдын иши жөнүндө да сөз кылынды.
Компаниянын президенти Дэниел Дежарден, «Мен 2015-жылдын өндүрүштүк пландары ийгиликтүү аткарылганын билдирүүгө кубанычтамын. Алтын өндүрүүнүн басымдүү көлөмү төртүнчү чейрекке туура келген. Өткөн жылдарга салыштырмалуу, 2015 –жылы өндүрүү чейрек сайын текшиленип, пландык көрсөткүчтөр ашыгы менен аткарылды» — деди.
Анын айтымында, 2015-жылы 16 195,4 кг алтын өндүрүлгөн. Сатып өткөрүлгөн продукциянын көлөмү 16 189,9 кг алтынды түзүп, сатып өткөрүүдөн 604,5 млн доллар каражат түшкөн.
Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан 144,5 млн доллар түшкөн. Ал эми сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы 112,1 млн доллар болгон. Казып алынган руданын көлөмү 3941 тонна көлөмдөгү руда казылып алынып, 4091 кг алтын сатылган.