Апрель айында ишкана Башкы прокуратура, ИИМ, УКМК жана ЭККМК тарабынан тинтүүгө алынган эле.
Тинтүү иштерине аталган компанияда катталган мыйзамсыз акча каражаттарын жана активдерди чыгарып кетүүгө байланышкан каржы эрежелеринин бузулуусу себеп болгон. Анын натыйжасында, эки бөлүмдүн вице-президенттери чет өлкөгө чыгып кеткен.
Бул тууралуу ишкананын президенти Дэниел Дежарден төмөнкүдөй комментарий берди.
«Буга кадимки дүйнөлүк бизнес чөйрөсүнүн практикасында болуп келген көрүнүш катары караса болот. Компанияда жашыра турган эч нерсе деле жок болгондуктан, мамлекеттик укук коргоо органдарынын кылмыш иликтөө иштерине каршылыгыбыз жок» ,- деди.