«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому 2016-жылдын биринчи чейрегиндеги ишинин жыйынтыгын чыгарды.

Ишкана 2016-жылдын I чейрегиндеги (үч айдын ичинде) 86 444 унций же 2688,7 кг алтын өндүргөн. Жыл башынан бери 1,6 млрд сомдон ашуун салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

Компаниянын президенти Дэниел Дежарден өз сөзүндө «Центерра» мындан ары да кыргыз өкмөтү менен иштешүүгө кызыкдар экенин билдирди.

2015-жылы ички дүң өнүмдө 6,8%ды, экспортто 40% түзгөнүн, 2016-жылы 15, же 16,5 тонна алтын өндүрүлүшү керек экенин жана жылдын экинчи чейрегинде компания рудасы мол жерди тандап алып иштетерин билдирип, компаниянын айланасындагы экономикалык жана саясий кырдаалдардын түшүндүрмөсүн берүүгө өттү.

Бөлүшүү