Кыргызстан кытай өндүрүүчүлөрүнө либералдык мыйзамдарды, ыңгайлуу салык системасын, арзан жумушчу күчтү жана электр энергиясын сунуштоодо.

“Улуу жибек жолунун экономикалык коридорун” түзүүнүн алкагында кытай тарапка ашыкча өндүрүшүн Кыргызстанга которуу сунушталды. Экс-премьер Темир Сариев 2015-жылдын декабрында Пекинде жолугушууларды өткөрүп, бул багытта макулдашуу түзүүгө жетишкен.

Кытай тарап Кыргызстандын сунушун колдой турганын тышкы иштер министри Ван И билдирген. Кыргызстан ЕАЭБге киргендигине байланыштуу, кытай өндүрүүчүлөрү өз ишканаларын республикабызга которууга кызыкдар экени айтылган.

Учурда кайсы ишканалар көчүрүлө турганы боюнча аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Экономика министрлиги белгилегендей, өндүрүштүн өсүшү ички дүң өнүмдүн көбөйүшүн камсыздап берет. Жаңы иш орундары түзүлөт. Салыктардын түшүүсү көбөйүп, ЕАЭБге экспорттолчу продукция өсөт. Мындан тышкары, жаңы технологиялар жана инвестициялар кирет.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан 120 өлкө менен соода-сатык жүргүзүп келет. Импорт-экспорттун эң ири үлүшүн түзгөн өлкөлөр – Кытай, Швейцария, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана башкалар.

КР өкмөтү экономиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары деп айыл чарбасын, кайра иштетүү тармагын, өндүрүш жана энергетиканы, туризмди, тоо-кен тармагын, чакан жана орто бизнести, ошондой эле, социалдык сфераны атайт.

Бөлүшүү