Жайкы сезонду утурлай эл аралык авто жолу иштей баштайт. Анын негизинде унаалар Ысык-Көлдү Орусия жана Алматы менен байланыштырат.
Транспорттор Чолпон-Атадан жана Караколдон Омскко жана Алматыга жүрүп турат.
«Баардыгы болуп 23 линия жүрөт. Бул эс алуучулардын ыңгайлуулугу үчүн ишке ашырылат. Негизи, 1-июлдан баштап жүрө башташы күтүлүүдө», — деп туризм департаментинин пресс-катчысы Марлен Толяной saat.kgге билдирди.
Автобустар жайкы маал убагында гана каттайт.