Мэриянын маалыматына ылайык, иш-чаралар Жеңиш аянты жана Эмен багында өтөт.

Балдарга спорттук мелдештер, көргөзмөлөр, оюндар жана шоу-программалар тартууланат.

Кызыктуу мастер-класстар өткөрүлүп, көчө жомогу да көргөзүлөт.

Ал эми «Сейтек» балдар борборунда аз камсыздалган үй-бүлөлөрдөн 600 бөбөк-өспүрүм үчүн концерт коюлуп, таттуулар таратылат.