Бир аз күн мурда кумар оюну катары шахмат ойного тыюу салган фатва чыгарган Сауд Арабиясы эми мышык, ит сыяктуу жаныбарлардын сүрөтүн тартууга тыюу салды.

Аль-Арабиянын берген кабарларына ылайык, жаныбарларды тартуу салты жат көрүнүш. Сауд Арабиясынын эң жогорку диний бийлиги болгон Диний уламалар жогорку кеңешинин мүчөсү Шейх Салих Бир Фавзан Аль-Фазван бул батыштын салты катары баалап, сүрөт тартууга тыюу салган фатва чыгарды.

Апталык уюштурган диний жыйында Аль-Фавзан Сауд Арабияда кандай гана жаныбар болбосун, сүрөтүн тартуу күнөө деп тапты.

Булак: mynet.com