Негизги убакыт 1:1 эсебинде бүтүп, оюн пенальтиге чейин жеткени өзгөчө бүйүр кызытты. Мадриддин кайсы клубу эң мыкты деген талашка “Каймактардын” жылдызы Роналдонун соккусу чекит койду.

Испаниялык эки клуб 2013/2014 сезонунда дагы финалга чыккан эле. Анда да “Реал” 4:1ге жеңип, кубокту көтөрүп кеткен. Бирок быйылкы дербилик финалдын өзгөчөлүгү акыркы мүнөткө чейин интрига сакталганы болду.

Оюн эсебин “Реал Мадрид” 15-мүнөттө эле ача алды. Стандарттык абалдан Тони Кроос көтөрүп бергенден кийин коргоочу Серхио Рамос топту Облактын аласынан өткөрдү.

Сүрөт: uefa.com
Сүрөт: uefa.com

“Реалдын” алдыга чыгуусу клубдун күйөрмандарын үмүттөндүрүп койду. Бирок “Атлетико” оюн соңунда өз кыялын көрсөтө алды. 79-мүнөттө оң канаттан чыгарылган топту Карраско катасыз киргизди.

Сүрөт: uefa.com
Сүрөт: uefa.com

Овер-таймдар жыйынтыксыз өтүп, пенальтиге келгенде футбол ышкыбоздору дем чыгарбай калышты. Бирок командалар соккуларын катасыз аткарып келе жаткан эле. Төртүнчү соккуга жеткенде “Реалды” багы ачылып кетти окшойт. Хуанфран сол бурчка тебем деп биротоло штангага тийди. Мадриддин кайсы клубу эң мыкты деген талашка “Каймактардын” жылдызы Роналдонун соккусу чекит койду.

Сүрөт: uefa.com
Сүрөт: uefa.com

Ошентип, “Реал Мадрид” Чемпиондор лигасын 11-ирээт жеңип отурат. Белгилей кетчү нерсе, клубдун машыктыруучусу Зинедин Зидан “Реалды” 4-январда гана жетектеп келген.