Жашы жете электер менен никеге турууга мүмкүн болбогон мыйзам долбоорун депуттар четке каккандан кийин коомдо катуу талкуулар башталды.

Биз бул мыйзамды кайрадан добуш берүугө коюуну чечкиндүү түрдө талап кылабыз деген жарандык активисттер 30-май күнү басма жыйын өткөрүштү.

«Парламенттин күн тартибинде экинчи жолу коюлуп жатса да, ага карабай кош көңүл мамиле жасалганы — бул кыздардын келечекке болгон укуктарын коркунучта калтырып коюу», — дейт активист Лариса Илибезова.

Четке кагылган бул мыйзам долбоору жарандык коомдун өкүлдөрүндө тынчсыздануу жаратты. Статистиканы карасак, өлкөбүздө кыздардын 26% жашы жетпей турмуш курууга мажбур болот. Алардын көбү паспорт же кандайдыр бир өздүгүн тактай турчу документи жок болгондуктан, коргоп калуу же балдарга алимент төлөтүү практикада кыйынчылык жаратат.

«Сезим» кризистик борборунун өкүлү Бүбүсара Рыскулованын айтымында, бул маселени алдын-алуу үчүн молдо нике кыюудан мурда кыздын макулдугунан да биринчи жашы жеткендиги туралуу документтерди сурашы керек.

«Зомбулуктун өсүшүнө депутаттар көңүл бөлбөсө, балким, алардын укугун коргой турчу омбудсмендер керекпи»,- дейт адвокат Улан Джумаков.