Европалык көз карандысыз Euobserver интернет-басылмасы Евразиялык экономикалык биримдик жана Орусиянын саясий айдыңдагы ишмердүүлүгү жөнүндө жазып чыкты.
Басылмада Орусиянын эки жыл мурунку Украинага жасаган мамилеси, андан кийинки Крымды аннексия кылуусу ЕАЭБге мүчө жана кандидат өлкөлөрдү чочутууда деп, аргументтерди келтирген. Андан сырткары, кызыгуусу бар өлкөлөргө биримдикке кирүү өз ыктыяры менен эмес, мажбурлана турган болсо, Орусиянын демилгеси атаандаштык кылып жаткан “Жаңы жибек жолу” Кытай логистикалык долбоорунун жанында маанисин жоготушу мүмкүн деп жазган.
Макаланын автору Сийбрен Де Йонг Орусия үчүн ЕАЭБге өлкөлөрдү тартуу кымбатка турду деп кошумчалаган. Беларусь жылына 10 млрд долларлык субсидияны түздүрүп алганын, Армения мунай баасын төмөндөтүү боюнча убаданы уккандан кийин Евро Биримдик менен болгон ассоциация келишиминен баш тартканын жазып, “Кыргызстанга Орусия көптөгөн долбоорлорду инвестициялап берүүнү убада кылып алды” деген.
Кийинки аргумент катары орус пулунун девальвациясы келтирилген. Биримдик ичиндеги башка өлкөлөргө экономикалык кыйын кырдаал таасирин тийгизип, алар валютасын арзандатууга мажбур болгон. Орусия импорттон баш тартып, анын кесепетинен импорттун тарифи жогорулап кетти деген. Арзан кытай товарларын алып саткан Кыргызстан үчүн кыйын болгонун жана кризис Орто Азиялык мигранттардын жумушсуз калуусуна алып келгенин жазган.
“Кытай аталган долбоору аркылуу Орто Азияга 46 млрд доллар жумшаганга даяр экенин белгилегенден кийин өлкөлөр буга кызыкпай койбойт. Эгерде Орусия регионалдык интеграция үчүн байлап салган биримдик эмес, бириктире турган байланыш түзүш керек экенин түшүнбөсө, ЕАЭБ таптакыр ордун жоготот деп”, — автор кошумчалаган.