Азырынча мамлекеттик каттоо кызматы тийиштүү токтомдун долбоорун гана иштеп чыгууда. Ага ылайык,1994-жылкы үлгүдөгү паспорттор 1-сентябрдан тарта жараксыз деп табылат.

Каттоо кызматы бул демилгесин быйыл өтчү шайлоолорго байланыштырууда. Күзүндө шаардык жана жергиликтүү кеңештер шайланат. Учурдагы мыйзамдарга ылайык, добуш берүүгө биометриялык каттоодон өткөн жана ID картасы бар жарандар гана катыша алат.

27-мартта жана 15-майда өткөн жергиликтүү шайлоолордо аныкталгандай, 1994-жылкы паспорту бар 500дөн ашуун жаран добуш бере албай калган. Жалпы өлкө боюнча болсо 10 миңден ашуун киши эски үлгүдөгү паспортко ээ. Эл аралык стандарттар боюнча, ал паспорт менен чет өлкөлөргө чыгууга тыюу салынган.

Каттоо кызматы жашы 60ка толгон жарандар үчүн эски паспортторду акысыз алмаштырып берет. Ошондой эле, аларды жаңы ID картага алмаштыруу процедурасы жеңилдетилген.