Курултайдын максаты — жаш лидерлерин бириктирүү менен бирге, аларды кайра Кыргызстанга тартуу.

Курултайга 7 дубандын, 7 өлкөнүн кыргыз жаштарынын келүүсү күтүлүүдө.

«Kyrgyz union» бирикмесинин өкүлү Талгат Молдолиевдин айтымында,  чет жакта окуган жаштар мекенине кайткысы келбейт.

«Анткени алар Кыргызстандан келечегин көрбөйт. Бирикме эч кандай саясий же болбосо дин максаттарын көздөбөйт. Биз болгону мекенибизди өнүктүргүбүз келет»,-дейт ал.

Мындан тышкары, Тагат Молдолиев бирикме мамлекет менен жаштардын ортосундагы көпүрө экенин кошумчалады.

«Алдыдагы курултайда 360тан ашуун кыргыз жаштары катышып, алардын 40 %ы башка өлкөдөн келишет. Буга чейин биз эң алгач Шанхайда биринчи жолугушууну өткөрүп, Куала-Лампур, Нью-Йорк, Малайзияда окуган жердештерибизди бириктирдик» — деди активист.

Курултай 11-14-августта Бишкекте жана Ысык-Көл облусунда өтөт.