Нарын облусунда жаңы иш орундары түзүлүп жатат. БУУнун өнүктүрүү программасы айыл жашоочуларынын демилгелерин колдоого алууда.

Тоок фабриканын жумурткалары базарга 5 сомдон өткөрүлөт.

Долбоордун жетекчиси Анарбек Мадалбековдун айтымында, алар Чүйдөн 470 тоок алып келишкен.

“2 айдан кийин тууй баштады. Бир күндө бир тоок 3-4 жумурка тууйт. Жумуркалар экологиялык жактан таза. Учурда ишкана 5 тургунду жумуш менен камсыз кылып жатат”, — дейт А. Мадалбеков.

Жалпы 297 миң сом керектелди. БУУнун өнүктүрүү программасы тарабынан 205 миң сом суралып, өздүк булактан 92 миң сом жумшалган.

Сүрөт: Saat.kg
Сүрөт: Saat.kg

Арыктан суу ичкен айылга таза суу киргизилди

Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылына таза суу киргизилди. Айыл башчы Токтоболот Бекмтемировдун айтымында, бул айылда дегеле таза суу болгон эмес.

“Суу биринчи кезекте социалдык объектилерге киргизилди. Балдар бакчасына, мектепке, маданият үйүнө. Азыр болсо тургундар үйлөрүнө киргизип жатышат. Жашоочулар мурда арыктан суу ичип, ичеги ооруларына көп чалдыгышчу. Таза суу кирип аябай баарыбыз кубанып жатабыз”, — дейт айыл башчы.

Жалпы 2 млн 300 миң сом сарпталган. Эл тарабынан 540 миң сом чогултулган. Ал эми БУУнун өнүктүрүү программасынын алкагындагы долбоордон 1 млн 760 миң сом бөлүнгөн.

Сүрөт: Saat.kg
Сүрөт: Saat.kg

Кесиптик лицей заманбап тигүүчү машиналар камсыз болду

Жумгал районунун Чаек айылындагы №26 кесиптик лицейдин чебери Чынара Осмонованын айтымында, универсалдуу 33 машина алынып келди.

“Мурда эски машиналар менен сабак өтчүмүн. Азыр болсо, мындай жаңы машина келип, сабак өткөнгө жана окуучулардын тигүү боюнча үйрөнүшүнө жеңил болуп калды. Биз төшөк, медициналык халаттарды, футболка, юбкаларды тигип, райондун базарына өткөрөбүз”, — дейт чебер.

Тигүү машиналарына жалпы 865 миң сом жумшалган.

Ошондой эле, окуу куралдары дагы берилген. Жалпы суммасы 436 миң сомду түзөт.

Сүрөт Saat.kg
Сүрөт Saat.kg

Жашылчаларды арзан баада саткан күнөскана ачылды

Аталган райондун Кызыл-Жылдыз айылынын тургундарын таза жашылча менен камсыз кылуучу күнөскана курулду. Долбоордун жетекчиси Талант Таштановдун айтымында, алар базарга салыштырмалуу 10-20 сом арзан баада сатышат. Учурда күнөсканада бадыраң өстүрүлүүдө. Эми помидордун да өстүрүлүүсү күтүлөт..

“Күнөскананын курулушуна жалпы 412 миң сом жумшалды. Өзүбүз 136 миң сом коштук. Биздин максат 4 тургунду жумушка кабыл алуу жана айылдагылардын тамактануусун жакшыртуу”, — дейт Таштанов.

Сүрөт: Saat.kg
Сүрөт: Saat.kg
Бөлүшүү