27-майда Opel Frontera автоунаасы селге агып, сайга кулап түшкөн. Унаанын ичинде 7 адам бар эле. Алардын бешөө каза болуп, бирөөсү куткарылган. Дагы бир 3 жашар жүргүнчү дагы деле изделүүдө.

ӨКМ билдиргендей, наристени издөөгө 80ден ашуун куткаруучу тартылган. Эртеси, 28-майда, Кадамжайда жаан нөшөрлөп жаагандыктан, издөө иштери убактылуу токтотулуп турган. Кечки маал райондо кайрадан сел жүрдү. Бирок, бул ирээт жабыркагандар болгон жок.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү