Эртең футбол боюнча кураманын жылдыздары бардык каалоочулар менен жолугуп, белектерин таратат.

Акция шишик оорусу менен жабыркаган балдарды колдоо максатында өткөрүлүүдө.

Азамат Байматов, Виталий Люкс, Тамирлан Козубаев, Фархат Мусабеков жана Эдгар Бернхардт май куючу бекеттердин биринде 1,5 саат кызмат кылышып, даарылоо үчүн акча чогултушат.

Мындан тышкары, чеберчилик-класстар уюштурулуп, 15 брендделген топтор таратылат. Балдарды коргоо күнүнө карата жолугушуу түшкү саат 1ге Жибек Жолу-Ибраимов көчөлөр кесилишине белгиленди.

«Бул акция  биринчи жолу»ГазпромнефтьАзия» менен биргеликте уюштурулуп, бардык каражаттар онкологиялык борборго жөнөтүлөт», — дейт кыргыз футбол федерациясынын пресс-катчысы Наталья Угрюмова.