Мелис Турганбаев бүгүн президенттин жарлыгы менен кызматынан бошотулду.

Турганбаевдин ички иштер министрлигинин кызматынан кетүүсүнө анын өзүнүн арызы себеп болду. Президент Алмазбек Атамбаев болгону анын кайрылуусун кабыл алып, жумушунан бошотту. Бул тууралуу Saat.kg’ге президенттин аппаратынан айтып беришти.

Мамлекет башчысынын жарлыгы менен министрдин милдетин аткаруучусу болуп Кашкар Жунушалиев дайындалды. Аны министрдин ордуна дайындоо сунушталып жатканы маалым болду. Жунушалиев буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгын жетектеп келген.