Президент Астанада (Казакстан) Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин (ЕАЭБ) отурумуна катышууда.
“Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) киргенине бир жыл болуп калды. Казакстан менен чек арада бажы көзөмөлү алынды, Орусияда жана башка ЕАЭБ өлкөлөрүндө мигранттарын шарттары жеңилдеди. Бирок арабызда дагы деле тоскоолдуктар абдан көп деп белгилеп кетээр элем”, — деп кайрылды Атамбаев.
Тоскоол деп президент Казакстанга кыргыз картөшкөсү кирбей, ветеринардык көзөмөл алынбай жатканын айтты. “Темир жол тарифи универсалдуу болбой турат, Орусия аркылуу өткөн жүктөрдүн транзиттик баасы чечиле элек”, — деди ал.
Атамбаев Владимир Путин менен Нурсултан Назарбаевге түшүнгөнү жана маселелерди чечип беребиз дегени үчүн ыраазычылык айтты.
Сөз соңунда өлкө башчысы ЕАЭБ боюнча ойлору менен бөлүшө кетти.
“Уюм 2014-жылдын 29-майында түзүлгөн. Болгону эки жыл болду. Бирок бул арада биримдигибиздин потенциалы чоң экени көрүнүп калды. Ооба, кемчиликтер дагы бар. Жаш организм ушундай эле болот. Бирок бизде башка жол жок экенин билип жүрүшүбүз керек. Мен ЕАЭБдин келечегине ишенем”, — деди президент.