Жаңы үлгүдөгү номурлардын баасы 1 миң сомду түзөт.
Мамлекеттик катто кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов Saat.kg‘ге айтып бергендей, жаңы номурларда аймактар өз-өзүнчө белгиленет.
Былтыр жылдын аягында кызматтын башчысы Тайырбек Сарпашев маалымат жыйын өткөрүп, 001, 002 деген өкмөттүк номурлар болбой турганын айкан эле.
Жаңы номурларда аймактар төмөнкүчө белгиленет:
- Бишкек шаары — 01
- Ош шаары — 02
- Баткен облусу — 03
- Жалал-Абад облусу — 04
- Нарын облусу — 05
- Ош облусу — 06
- Талас облусу — 07
- Чүй облусу — 08
- Ысык-Көл облусу — 09