Бүгүн 2016-жылдын жаз айынын акыркы күнү. Өлкөбүз үчүн жаз мезгили оор сыноолордун айы болуп калды. Бул жыл мезгилинде кандай маанилүү окуялар болду? Saat.kg’нин макаласынан окуңуз.

5-март. Ак калпак күнү Ала-Тоо аянтында жаштардын демилгеси менен белгиленип, дүйнөнүн эң чоң калпагы тигилди.

18-март. Эртең менен Өзбекстан аскерлери Аксы-Ала-Бука жолуна кирди. Кырызстандын аймагына таандык болгон жерге кирген өзбекстандык аскерлер кыргыз унааларын текшерип өткөрө баштады.

20-март. Өзбекстан аскерлеринин киргизгенине жооп катары кыргыз тарап өз аскерлерин оор техникалары менен чек арага жайгаштырды.

22-март. Өкмөт башчы Темир Сариев Кербен шаарына барып, нааразы болгон эл менен жолугушп, шашылыш кайра кетти. Ошол эле күнү Кербен шаарынын депутаттары Унгар-Тоодогу телестанцияларды которуу сунушун карашты.

24-март. Оппозициянын Ошто өткөрүлө турган курултайы болбой калды. УКМК оппозиция өкүлдөрү Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровго кылмыш ишин козгоп, камакка алды.

26-март. Кыргызстан-Өзбекстандын эки тараптуу макулдашуусу менен өзбек тарап аскерлерин жана оор техникаларын Кербен-Ала-Бука жолунан алып чыгып кетти.

30-март. Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүндө элдик жыйын болуп өттү. Жыйынга катыша турган оппозиция өкүлдөрүн УКМК кызматкерлери эртең менен кармап кеткен.

6-апрель. Жогорку Кеңеш түзгөн депутаттык комиссия Балыкчы-Корумду жолунун курулушун мыйзамсыз берилген лицензия деп министирлер кабинетин сынга алды. Транспорт министри Аргынбек Малабаев Темир Сариевдин күнөөсү бар деп айтып чыкты. Сариев, тескерисинче, Малабаевди күнөөлөп, кызматтан алуу боюнча президентке кат жолдоду. Бирок анын сунушу четке кагылды.

7-апрель. Өлкө боюнча 2010-жылдагы революциянын 6 жылдыгын белгилешти. Активисттер революция максатына жеткен жок деп айтып чыгышты.

9-апрель. Өкмөт башчысын Балыкчы-Корумду жана Бишкек-аэропорт унаа жолдорун куруу үчүн тендер өткөрүүдө көптөгөн мыйзам бузууларга жол берген деп айыпташты. Депутаттык комиссия бюджетке зыян келтирилгенин айтып, премьер-министрдин кетүүсүн талап кылышты.

11-апрель. Өкмөт башчы Темир Сариев кызматынан кеткендиги боюнча расмий билдирүү таратты.

13-апрель. КР өкмөт башчсына Сооронбай Жээнбеков көрсөтүлүп, көпчүлүк добуш менен премьер-министр болуп шайланды. Бул күнү Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бир тууганы Сооронбай өкмөт башчылык кызматка келгенине байланыштуу кызматынан кетти.

20-апрель. Жогорку Кеңеш жаңы төраганы шайлоо өткөрдү. Талапкерлер Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаев тең добуш алуу менен экөө тең спикерлик орунга илешкен жок.

27-апрель. Жогорку Кеңештин төрагасына Исхак Масалиев менен Чыныбай Турсунбеков ат салышып, Турсунбеков утуп чыкты.

28-апрель. Кыргыз Экономикалык Университетинде өткөрүлгөн Үркүндү эскерүү боюнча кереге-маек өткөрүлдү. Анда катышуучулардын көпчүлүгү кыргыздар өздөрү күнөлүү экендигин айтышты.

2-май. Өкмөт Өзбекстандан 12 объект өткөрүлүп алганын билдирди.

4-май. Президент Алмазбек Атамбаев КСДП бүт жоопкерчиликти моюнуна аларын орусиялык Интерфакс маалымат агенттигине берген интервьюсунда билдирди.

9-май. Жеңиштин 71 жылдыгы Бишкек шаарында жөө жүрүш менен уланып, ардагерлерди куттуктаган Атамбаев орусиялык такыр баштарды фашисттер деп атады.

12-май. Нариман Түлеев абактан бошотулуп, Талгарбеков камакка алынды.

17-май. Өздөрүн «Элдик парламент» деп атаган топтун президент Атамбаевди бийликтен кетирүү боюнча митинги болбой, Атамбаев кетпей калды.

19-май. Активисттер КТРК алдына наааразылык акциясына чыгышты. Анда Илим Карыбековдун «Ой-Ордодон» чыгарган кумсалар боюнча көрсөтүүсүнө түшүндүрмө талап кылышты.

25-май. Кыргызстан Казакстанга маданият министринин сөзү үчүн нааразылык нотасын жөнөттү.

26-май. Кумтөр алтын кенине мөңгүнү булгаганы үчүн 6,7 млрд сом айып пул салынды.

30-май. Ички иштер министри Мелис Турганбаев кызматынан алынды. Камакта жаткан Хажимурат Коркмазов эркиндикке чыкты.

31-май. Кыргыз-өзбек чек арасында он чакты киши мыйзамсыз кирип, ок атылды. Алмазбек Атамбаев Казакстанга иш сапары менен учуп кетти.