Турак жайларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу мыйзамы быйыл иштеп баштамак. Бирок элдин нааразычылыгынан улам аны 2018-жылга чейин жылдырып коюшкан. Ага чейин калк үйлөрүн өз ыктыяры менен камсыздандырса болот.

Табигый кырсыктар болгон учурда үй ээлерине оор келбеши үчүн өкмөт милдеттүү камсыздандырууну киргизген. Ал үчүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюму түзүлгөн. 2018-жылга чейин турак ээлери өз каалоосу менен катталышат.

 “Камсыздандыруу келишимин түзүү боюнча биринчи орунда Ош, экинчиде Чүй, үчүнчүдө болсо Нарын турат. Агенттик тармактарды көбөйтүп жатабыз”, — дейт уюмдун өкүлү Бакыт Жумашев.

Камсыздандыруу уюму баш аламан кырсыктар жана ар түрдүү табигый кубулуштар зыян келтиргенде акча төлөп берүү үчүн түзүлгөн.

Айыл жергесинде бир үйдү камсыздандыруу жылына 600 сом, ал эми шаарларда 1200 сом турат. Кырсык болгон учурда айылда жашагандар 500 миң сомго чейин, ал эми шаардыктар 1 млн сомго чейин жардам күтө алышат.