Түнкү саат 12лер чамасында чек арага жакын аймакта белгисиз адамдарды көргөн чек арачылар алардын токтоосун талап кылган. Бирок, алар баш ийген жок.

Чек ара кызматы билдиргендей, аларды токтотуу үчүн асманга эскертүү ирээтинде ок атылды. Андан кийин гана белгисиз адамдар Өзбекстандын аймагына кирип кетишти.