Элчи Аскар Бешимов кыргыз мигранттары иштей турган тармактарды дагы көбөйтүүгө чакырды.

Ульсан шаарында өткөн конференцияда мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттар боюнча маалымат алмашуу, жумушчулардын жаш курагынын чегин 39дан 45ке чейин көтөрүү жана мигранттарга жагымдуу шарттарды түзүп берүү боюнча сөз болду.

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аскар Бешимов өз сунуштарын миграция менен иш алып барган кызматтарга сунуштады.