Бир ай мурун офшор документтери ачыкка чыгарылганда Нурсултан Назарбаевдин кызына жана небересине (Дарига Назарбаева, Нурали Алиев) тиешелүү делген маалыматтар чыккан.

Казакстан президенти Астанадагы форумда офшорлор эсебинде 30-40 триллион доллар сакталып турат деп билдирди.

Ал дүйнөлүк экономиканын кирешесин спекуляциялык каржы куралына айлантпастан, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагын жана инфраструктураны жаңы деңгээлге чыгарууга жумшаса болорун белгиледи. Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фонду бул тууралуу натыйжалуу чараларды сунуштай аларын кошумчалаган.

Айрым маалыматтар боюнча, офшордун архивинде Казакстанга тиешелүү 260 адам, ондогон компания, жети ортомчу жана 243 юридикалык дарек кездешет. Бул тууралуу Азаттык радиосу жазып чыккан.