Учурдагы келишим 2022-жылы бүтөт. Андан кийин контракттар түзүлсө дагы орус газынын баасы ылайыктуу болгон мөөнөткө гана.

Польшанын мамлекеттик PGNiG газ компаниясы “Газпромдон” жылына 10,2 млрд куб метрге чейин газ алып турат. Жылына бул өлкө 15 млрд куб метр пайдаланат. Келишим 1996-жылы түзүлгөн.

Орус газынан көз карандысыз болууга суюлтулган жаратылыш газ терминалы жардам берет. Ал жылына 5 млрд куб метрге чейин газ өндүрө алат. Ошондой эле, PGNiG Балтика деңизи жана Дания аркылуу Норвегиядан бери Польшага газ түтүгүн курууну көздөп жатат. Ал 2022-жылга чейин курулуп бүтүп, жылына 10 млрд куб метр газ өткөрүп турат деп божомолдонууда.

Польшанын «Газпром» боюнча мындай чечимге келүүсүнө баа боюнча талаштар себеп болду. Дүйнөлүк рынокто газ арзандаган маалда Польша дагы Орусиядан баасын түшүрүүнү талап кылып, сотко бир нече жолу кайрылган.

Булак: slon.ru