Салык кызматы рейд жүргүзүп, күмөндүү акциздик маркасы менен 27 миң 936 бөтөлкө алкоголдук продукция тапты. Андан тышкары, 2 миң 504 бөтөлкөнүн тийиштүү лицензиясы жок сатылганы аныкталган.
“Столичный винно-водочный завод” ЖЧКсына тийиштүү ар кандай аталыштагы алкоголдук продукция табылып, “СВВЗ” ЖЧКсына жана “Алтын шампаны” ЖЧКсына таандык 9 миң 936 бөтөлкөдө чапталган акциздик маркалар (0,5 л идишке 0,25 литр) сыйымдуулугу боюнча дал келбестиги аныкталган.
“КАМАЗ” унаасы колго түшүрүлүп, экспертизалардан өткөндөн кийин, 0,25 литрдик акциздик маркалар 0,46 литрдик бөтөлкөлөргө чапталганы белгилүү болгон. 18 миң бөтөлкөнүн ичинен 12 миңи “Эркекче” арагы, ал эми 6 миңи“Сары-Өзөн” арагы болгон.
Акциздердин аныктыгын аныктоо үчүн соттук-техникалык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында, чаралар көрүлө турганын салык кызматы билдирет.