Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 6 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Ал бүгүнтөн тартып күчүнө кирет.

Акча-кредит саясатынын буга чейин кабыл алынган чараларынын таасири өлкөдө инфляция деңгээлинин төмөндөшүнөн көрүнүүдө. Анын төмөндөшүнө азык-түлүктүн арзандашы жана ички керектөө талабынын басаңдашы түрткү берген.

«КРдин экономикасына тышкы чөйрөнүн тийгизген таасири туруктуу эмес болууда. Биринчиси, тышкы рынокто азык-түлүккө жана чийки заттарга болгон төмөн баанын сакталып турушу азык-түлүк баасынын туруктуу болушуна таасир эткен. Экинчиси, соода-сатык боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн экономикалык абалы да сырттан суроо-талаптын кыскарышына алып келди», — деди Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.