Балдар – биздин бактыбыз, кубанычыбыз, жашообуздун максаты жана маңызы.

Президент Алмазбек Атамбаев балдарды коргоо күнү менен куттуктады.

Анын билдирүүсүндө, бул күн балдар дайыма чоңдордун камкордугу менен коргоосуна муктаж экенин дагы бир жолу биздин эсибизге сала турган күн.

“Балдарды коргоо үчүн, аларды татыктуу тарбиялап, кайгы-кападан алыс, тынч жана беймарал жашоосун камсыз кылуу үчүн көп аракеттер көрүлүүдө. Өлкөдө жаңы төрөлгөн наристелер көбөйүп, чарчап калган ымыркайлар азаюуда. Балалуу үй-бүлөлөрдүн социалдык-экономикалык абалы акырындап жакшырууда. Мамлекеттик бюджеттин чейреги билим берүүгө жумшалат. Акыркы жылдары балдар бакчаларынын саны эки эсе өстү”, — деп жазылат куттуктоодо.

Ал көптөгөн ата-энелер өз балдарына аз көңүл бурушай келгенин билдирген.

“Алар менен чечилип сүйлөшпөйт, балдардын чыныгы муктаждыктарын билишпейт жана көңүл көйгөйүнө кызыгышпайт”, — деди ал.

Мамлекет башчы балдарга ар дайым жарык маанай, бекем ден-соолук, тоодой бак-таалай каалады.

“Жашооңордун ар бир мүнөтү жомоктогудай кереметтүү жана шаттуу болсун. Күлкүңөрдүн шыңгыр добушу эч качан өчпөсүн. Акылдуу, чынчыл, адептүү, билимдүү жана мекенчил болгула. “Жаштын тилегин берет” дейт элибиз. Тилегиңер кабыл болсун”, — дейт куттуктоодо.