ЖК төрагасынын орун басары Алтынай Өмүрбекова Канаданын Кыргызстандагы элчиси Шон Стайл менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтык мамилелер жаатында пикир алышты.

Вице-спикер Алтынай Өмүрбекова фракциялардын, тармактык комитеттердин, депутаттардын ишине учкай токтолуп, ушуну менен парламенттик демократия шартында кыргыз парламентинин экинчи чакырылышы иштеп жатканын белгиледи.

“Өткөн жылы октябрь айындагы парламенттик шайлоо заманбап жаӊы технологиялардын жардамы аркылуу, жарандардын биометрикалык маалыматтарын колдонуу менен өткөрүлдү. Эл аралык байкоочулар шайлоо таза жана ачык-айкын өткөнүн белгилешти», — дейт ал.

Ал эми элчи Канада парламентине да шайлоо өткөнүн эске салып, ушу тапта демократиялык инстуттарды бекемдөө чаралары көрүлүп жатканын айтты. Ошондой эле алар парламенттер аралык кызматташтык мамилелерди жандандырууга кызыкдар экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Алтынай Өмүрбекова мейманды ушул жылдын сентябрь айында өтө турган дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.