Казакстан эл аралык келишимге өзгөртүү киргизип жатат.

Анын негизинде Казакстан жана Кыргызстандын  элдери эки өлкөдө тең каттоосу жок 30 күнгө чейин жүрүүгө мүмкүн болот.

Бул боюнча «Новости –Казакстан» маалымат агенттиги жазып чыкты.

Буга чейин  миграция боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Алмазбек Асанбаев казастандыктардын өлкөбүздө жүрүүсүн 5 күнгө чейин кыскартуу керек экендигин айтып чыккан.

Себеби азыркы учурда кыргызстандыктар каттосу жок Казакстанда 5 күн эле жүрүшө алат.

ЕЭБдин эмгек миграция боюнча департаменттин  убактылуу орун аткаруучу директору Самат Алиевдин маалыматы боюнча, бул маселе азыр каралып жатат. Ошондой эле эки тарап тең бир кызыкчылыкты көздөгөн долбоор иштелип жатканын белгилеген.