Быйылкы жылдын 1-январына карата 18 жашка чейинки балдардын саны 2 млн 212 миңге жеткен. 2015-жылдын башы менен салыштырганда саны 58 миңге көбөйүп, 3 пайызды түзгөн. 

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, жылдын башына карата балдардын саны:

7 жашка чейинкилер – 47% (1 млн 44 миң бала)

7-14 жашка чейинкилер – 39% (865 миң бала)

15-17 жаштагы өспүрүмдөр – 14% (303 миң)

2014-жылга салыштырмалуу былтыр 1,6 миң ымыркайга көп болгон төрөлгөн. Мындай көрсөткүч өлкөдөгү бала санынын өсүү тенденциясын далилдейт.

Ар жылы эркек балдар көп төрөлүүдө. Өткөн жылы 79 миң  кыз бала жана 85 миң уул жарыкка келген. Анын ичинен 1179 эгиздер жана 15 үч эм төрөлгөн.

2015-жылы балдар үйлөрүндө жана мектеп интернаттарында кароосуз калган балдардын саны 1,5 миңге жакын. Анын ичинен 1,3 миң бала үй-бүлөлөр тарабынан кароого алынып, 726сы расмий багылып алынган.

Келечек ээлеринин 69 пайызы айылдарда жашайт.