Лос-Анжелестеги Калифорния университинин окумуштуулары изилдөө жүргүзүштү. Адистердин айтымында, маймылдардай эле саясатчылар да керектүу жерлерде үнүн өзгөртө алат экен.
Саясатчылар шайлоочуларды тартуу үчүн үнүн өзгөртсө, маймылдар болсо душманы менен сүйлөшүп жатканда өзгөртөт.
Мисал катары бул окумуштуулар АКШ президентигине талапкер Дональд Трампты келтиришти. Ал үйдө башка , эл алдында башка үн менен сүйлөйт экен.
Мындан сырткары, бул милионер, жөнөкөй көрүнүш үчүн кичинекей баланын интонациясын колдонот.
«Саясатчылар өздөрү байкабастан бул кадамга барат. Бирок достордун, туугандардын, жакындардын арасында алардын үнү такыр эле башкача»,- дейт илимпоздор