Португалиянын жана Мадриддик «Реалдын» чабуулчусу Криштиану Роналду Европа чемпионатынын эң кымбат футболчусу болуп аталды.

Анын баасы 116 млн доллар, бул Венгриянын улуттук курамасынын бардык оюнчуларын кошуп туруп, үчкө көбөйткөнгө барабар.

Евро-2016нын эң кымбат топ тепкичтери

  1. Криштиану Роналду (Португалия) – 116 млн доллар;
  2. Томас Мюллер (Германия) – 79 млн доллар;
  3. Эден Азар (Бельгия) – 74 млн доллар;
  4. Роберт Левандовски (Польша) – 74 млн доллар;
  5. Поль Погба (Франция) – 68 млн доллар;
  6. Серхио Бускетс (Испания) – 53 млн доллар;
  7. Рахим Стерлинг (Англия) – 53 млн доллар;
  8. Лука Модрич (Хорватия) – 53 млн доллар;
  9. Арда Туран (Турция) – 37 млн доллар;
  10. Леонардо Бонуччи (Италия) – 31 млн доллар.

Кымбат футболдук клуб 736 млн доллар менен Испания аталса, биринчи үчилтикке Германия – 633 млн жана Франция – 551 млн. доллар менен кирди.