Ошону менен бирге эле жогорку соттун судьясы Айжамал Ажибраимова дагы ЕАЭБ сотунун судьясы болду.

Эки судьяны ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн президенттери Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги отурумунда бекитти.

Эрежеге ылайык, ар бир мүчө өлкөдөн экиден сот дайындалат. ЕЭКтин соту 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБдин келишимине ылайык түзүлгөн. Сот иштери өткөрүлүүчү жер катары Минск шаары тандалды.