Түндүк Кореянын мамлекеттик DPRK Today басмаканасы «Республика» партиясынан АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трампты колдошту.

КЭДРдин NK News маалымат порталы жазып чыккандай, аны «акылман саясатчы жана узакты көрө билген талапкер» деп аташты.

«Түндүк Корея менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзөм деп айткан Трамп үчүн добуш бериши керек» — деп жазылат макалада.

Андан тышкары, Трамп Корей жарым аралындагы өлкөлөрдү бириктирүүгө жардам бериши мүмкүн. Ал провакациялык саясатты туура баалайт деп атаган.

«Тэки Кореянын чатагына аралашпайт, бирок бул Түндүк Корея үчүн пайда алып келет дегенди түшүндүрбөйт», — деп белгилейт макалада.

Түндүк Кореялык маалымат каражатын бул макаласы Пхеньян Сеул жана анын өнөктөшү Вашингтон менен диалог жүргүзүү демилгесин көтөрүп жаткан учур.

17-майда Түндүк Корея Сеул менен өз ара мамилелерди жакшыртуу максатында өкмөт билдирүү жарыяланган. Ал эми Түштүк Кореянын өкмөтү эки тараптуу аскер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экенин кабарлаган.